Коом

Илон Маск бара-бара адамдар телефон колдонбой каларын айтып, башканы сунуштады

Кийин адамдар мобилдик телефонду колдонбой калышат. Баарлашуу үчүн мээге имплант койдуруш керек болот. Бул тууралуу америкалык ишкер Илон Маск билдиргенин РИА Новости жазды.
Илон Маск эмес аттуу тамашалуу аккаунттун автору «мээңизге акылыңыз менен башкарууга мүмкүндүк берген Neuralink интерфейсин орнотмок белеңиз» деп суроо узатып жазган.
Маск өзү да бул постко билдирүү калтырып, келечекте мобилдик аппараттардын таптакыр кереги жок болуп каларын жазган.
«Келечекте телефондор жоголуп, бир гана Neuralink болот», — деген ал.
Буга чейин Маск адамдын мээсине Neuralink компаниясы койгон имплант жакшы камдашып кеткенин, ал адамдын абалы жакшы экенин кабарлаган.
Анын айтымында, тажрыйба жасалган адамга жүргүзүлгөн байкоолор чиптин болочокто жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө.
Маск постунан кийин Neuralink ойлоп чыккан бул кичинекей жабдуу Telepathy («Телепатия») деп аталарын жазды. Чип биринчи иретте колу-буту шал болуп калгандарга ою менен телефон, компьютерди иштеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн жасалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button