КоомМаданият

Кичинекей кыргызстандыктарга «Таза аалам» спектакли көрсөтүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ балдарды жана бала бакчалардын тарбиячыларын «Таза аалам» спектаклине чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 19-июндан 4-июлга чейин республиканын 7 облусунун 14 маданият үйүндө жаш көрүүчүлөргө спектакль көрсөтөт.

Спектаклди көрсөтүү “Коронавирустун алдын алуу, балдар үчүн санитария жана гигиенаны жайылтуу” долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин жана Жапония өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулду.

Жери, күнү, спектаклдин башталышы саат 11:00:

  • 19-июнь, Раззаков,
  • 20-июнь, Баткен,
  • 21-июнь, Гүлчө,
  • 22-июнь, Дароот-Коргон,
  • 23-июнь, Сузак,
  • 24-июнь, Кербен,
  • 27-июнь, Токмок,
  • 28-июнь, Балыкчы,
  • 29-июнь, Каракол,
  • 30-июнь, Чаек,
  • 1-июль, Нарын,
  • 2-июль, Кара-Балта,
  • 3-июль, Талас,
  • 4-июль, Бакай-Ата.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button