Коом

Камчыбек Ташиев күбөлүгү жана паспорту жок жаранга жардам берди

Бүгүн, 22-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Жибек жолу кичи районунун (мурдагы Он-Адыр аймагы) тургуну Оятилло Абдурахимжановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды.

УКМКдан билдиришкендей, Оятилло Абдурахимжанов 2024-жылдын башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүсүн суранган.

19 жаштагы Оятилло Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген. Кыргызстанда акыркы кезде футболго реалдуу көңүл бурулуп жатканын эске алып, Кыргыз футбол клубдарынын биринде ойноону кааларын айткан. Учурда Оятилло Кыргызстан жаштар улуттук курама командасынын мүчөсү.

Камчыбек Ташиев жаш оюнчу Оятилло Абдурахимжановду Кыргыз Республикасынын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары Кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button