Саясат

Садыр Жапаров мамлекеттик органдардагы коррупция боюнча ачык пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде
мамлекеттик органдардагы коррупцияга болгон мамилеси боюнча пикирин
билдирди.

— Өткөндө бажы системасында коррупциялык көрүнүштөр дээрлик толук
жоюлганын, болгону 10 пайыздай калганын билдиргенсиз. Мындай жыйынтык
кайсыл аракеттердин аркасында болду? Калган 10 пайызга кайсылар кирет?

— Коррупция жок деген өлкөлөрдө деле 5-10 пайыз коррупция болот экен. Себеби
пенде экенбиз да. Акчаны көргөндө жолдон адашат экенбиз. Бирөөнү кармап камап
атсаң экинчиси ала берет экен, экинчисин кармап камап атсаң үчүнчүсү ала берет
экен. Менин атымды сатып, жакын тууганы болом деп өз кызыкчылыгына
иштегендер болот экен. Анын баары мага кечирээк жетип калып жатат. Бирок
андайлардын баарын аяп олтурбастан дароо камагыла деп буйрук берип, каматып
коюп жатам. Биздин менталитетке жараша болсо керек. Тилекке каршы, жакын
тууганымын же жакын таанышымын десе эле ишене берген адамдар көп болот экен.

Алар миңдеп саналат. Ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди
коркутушат экен. Мына көрдүңбү? Мен жакыны болом, баланча маселемди чечип бер
деген сыяктуу. Учурдан пайдаланып айтып коеюн. Жардам бермек түгүл
ошондойлорду кууп чыккыла демекчимин. Же социалдык түйүндөр аркылуу андай
аферисттерди мага билдиргиле. Мен өзүм жазасын берем.
Азыр эми ошондойлорго кантип бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатам. Акыры
мындайларга дагы чекит коюуга жетишебиз. Анткени бажы менен салык тармагы
республикалык бюджеттин дээрлик 90 пайызын түзүүчү тармактар. Бул эки тармакка
катуу көзөмөл кылбасак болбойт.

Булак: «Кабар» агенттиги

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button