Коом

24-июнга карата аба ырайы

24-июнь, дүйшөмбүдө, айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29…+33, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын аймагында +16…+21, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +30…+35 градус ысык болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп, күндүн табы +31…+33 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, +33…+35 градус жылуу болот. Ал эми Чолпон-Ата шарында өткүн өтүп, +21…+23 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button