Коом

Ош ОИИБдин жетекчилиги 83 жаштагы ардагери менен жолугушту. Видео

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген.
Бул жолу башкармалыктын жетекчилиги 83 жаш курактагы ардагер Тургунбаев Зулун менен маектешип, ал акыбалын сурап кайтышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ардагер 1941-жылы Араван районунун Чек-Абад айылынын Огроном участкасында жарык дүйнөгө келген. Ал мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, жогорку окуу жайды Ленинградтан жана Карагандыдан бүтүргөн.
Алгачкы жолу 1966-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгына жумушка орношкон.
1961-жылы 17-май күнү сүйүктүү жары 1945-жылы туулган Раат Курбанбаевага баш кошкон. Жубайлар 1 уул 5 кызды тарбиялап, өстүрүшкөн.


Ал, кызмат өтөгөн жылдары бир топ тайгак кечүү, тар жолдорго туш келген учурларды тизмектеп айтып отуруп, ошол учурдагы милиция менен азыркы милициянын ишмердүүлүгүн салыштырып өттү. Ал бир топ өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда колдонгон ыкмаларды айтып берип, учурдагы милиция аткарып жаткан иштерге да баам салып тургандыгын баса белгиледи. Айрыкча акыркы 3 жылда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайып, өлкө боюнча бир топ имараттар курулуп, жаңы заманбап техникалар алынып, коомдук жайларга жүздү таануучу видеокамералар орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр бодикамера, планшеттер менен камсыз болуп жатканын көрүп, ичи жылыганын айтып берди.

Ардагер келечекте кылмыштуулуктун аты жоголуп, жаштар билимдүү, ыймандуу жакшы кулк мүнөз менен өсүп жетилип, келечекте өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошооруна чон ишеним менен тилек кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button