![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/07/22-708x470.jpg)
Коом
2-июлга карата аба ырайы
Шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас өрөөнүндө +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +28…+33 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +30…+32, Чолпон-Ата калаасында +19…+21 градуска чейин көтөрүлөт.