![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/07/фыф.jpg)
Коом
Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келди
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш кечээ, 1-июлда, Кыргызстанга келгенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2024/07/аапвавп.jpg)
“Башкы катчы сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.
Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаша турганы белгилүү болду.
Буга чейин Антониу Гутерриш Кыргызстанга 1-3-июль күндөрү иш сапары менен келери айтылган.