Коом
Өзбекстанга 450дөй кыргызстандык билим алууга барды
Быйыл беш айда кыргызстандык 450 жаран Өзбекстанга билим алуу үчүн барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-май айларында Өзбекстанга 7400 чет элдик билим алуу үчүн келген
Бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштуу мезгили менен салыштырганда 2,9 миң адамга же 65,2%га өскөн.
Белгиленгендей, Өзбекстанга Индиядан 2, 241, Түркмөнстандан 1937, Тажикстандан 950 жана Кыргызстандан 450 адам, ж.б. өлкөлөрдөн барган.