Коом
Бишкектеги №28 орто мектеп №70 мектеп-гимназия менен бириктирилет
Бишкектеги №28 орто мектеп №70 мектеп-гимназиянын курамына кошулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бириктирилиши сапаттуу билим берүү менен камсыздоо жана мектептердин имараттарын натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.
Ага ылайык, башталгыч класстар №70 мектеп-гимназиясында, ортоңку класстар №28 орто мектепте, жогорку класстар №70 мектеп-гимназиясынын имаратында окушат.