Коом

Каржы министрлиги: Кыргызстан коргонуу тармагынын чыгымдарын үч эсеге кыскартты

2024-жылдын беш айында Кыргызстан коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоого 2 млрд 579 млн сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматы тастыктайт.

Белгилеп кетсек, бир жыл мурун Кыргызстандын жогоруда аталган максаттарга жумшаган чыгымдары 3,1 эсеге (7,9 млрд сом) көп болгон.

Коргонууга жергиликтүү бюджеттен 90 миң сом жумшалса, калган каражат республикалык казынадан бөлүнгөнүн да айта кетели.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар 6,8%га өсүп, рекорддук көрсөткүчкө 2,443 трлн долларга жеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button