Коом

Ысык-Көлдөгү пансионатты суу каптап, 145 киши эвакуацияланды. Сүрөт

Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы «Нептун» пансионатын сууп каптап, эс алып жаткан 145 киши эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кечээ, 5-июлдун кечинде, нөшөрлөп жааган жаандан аталган пансионаттын жанындагы каналдан суу ашып кеткен.
   
Жерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана техниканын түрү тартылган. Натыйжада каналдын жээктери бекемделип, сел калдыктары тазаланган.
Ошондой эле Корумду айылындагы үйлөрдүн жер төлөсүнө кирген суу сордурулуп берилген.
Ал эми коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар кайрадан «Нептун» пансионатына жайгаштырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button