Кылмыш-кырсык

Flуjump спорт комплексинин ээси кармалды – Чүй ОИИБ

Аламүдүн районунун Татыр айылындагы Flуjump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылындагы Flуjump спорт комплексинде аскадан секиргени жатканда аркан үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А. каза тапкан.

Окуя Аламүдүн РИИБнин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Чогулган материалдардын жана жабырлануучунун туугандарынын жазган арызынын негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button