КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзгөн 3 чет элдик жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлады.

УКМК Ысык-Көл облустук ИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте «Слово божье» (Compel) диний кыймылынын мыйзамсыз диний-пропагандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Тактап айтканда, тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринин аймагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аккредитациясы жок, мыйзамсыз диний үгүт иштерин жүргүзүшкөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды.


Чет мамлекеттин аталган жарандарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button