КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара алып жатканда кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Э.К.А. аттуу кызматкери кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Э.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.Э.Ж. аттуу КР жаранынан камакка алынган жана кайра каттоодон баш тартылган турак жай комплекстеринин бириндеги эки унаа токтотуучу жайды кайра каттаткандыгы үчүн 3 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 5-июлунда Кадастр мекемесинин кызматкери Э.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button