Саясат

Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров  “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, азыркы учурда күчүндө турган редакциясына салыштырмалуу кошумча квалификациялык белгилер менен толукталууда, тактап айтканда баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашырган, төмөндөткөн, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тарткан адамдар үчүн жазык жоопкерчилиги каралууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button