Кылмыш-кырсык

УКМК: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 7,7 кг баңги заты менен кармалды

УКМК «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык баңгизат каналын уюштурган жана Ош облусунун жашоочуларына баңги заттарын таратуу менен алектенген Ош облусунун айрым тургундарынан турган уюшкан кылмыштуу баңги тобун аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

           

Тактап айтканда, 1960-жылы туулган У.Д.У. аттуу кылмыштуу схеманын уюштуруучусу баңги затын Ош облусуна жана Өзбекстан Республикасына сатуу максатында Тажикстан Республикасынан алып келүү каналын түзгөндүгү аныкталган. КР аймагына кирген баңги заттар анын шериги, 1961-жылы туулган Ж.Х.Т. аттуу (мурда баңги затын сатуу үчүн соттолгон) жарандын үйүндө сакталып, ал Ош облусунун тургундарынын ичинен сатып алуучуларга же, Өзбекстанга баңги затын ташып бара жаткан баңги жеткирүүчүлөрүнө берүү үчүн таразага тартуу жана таңгактоо менен алектенген.
2024-жылдын 8-июлунда узакка созулган ыкчам комбинациянын натыйжасында У.Д.У. жана баңгизат каражаттарын сатып алуучу У.Б.Ч. кармалган, алар Өзбекстан Республикасына баңгизат каражаттарын өткөрүп берүүнү көздөшкөн.
Жеке тинтүү иштеринин жүрүшүндө У.Д.У. аттуу жарандан жалпы салмагы 250,77 грамм чайыр кара куурай (гашиш) брикети, ал эми У.Б.Ч.дан жалпы салмагы 555,34 грамм чайыр кара куурай (гашиш)брикети табылды.
Мындан тышкары, баңги каналынын уюштуруучусунун шериги жашынуучу жай катары колдонулган Ж.Х.Т. аттуу жарандын үйүндө да ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан 6 кг 905,47 грамм салмактагы 7 брикет кара куурай чайыры (гашиш) табылды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында КР жарандары У.Д.У., У.Б.Ч. жана Ж.Х.Т. сатуу максатында баңги затын сактап жүргөндүгүн мойнуна алып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин жана 97-беренесинин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмышка шектелип кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button