Коом

УКМК: Баасы 20 миллион сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Тийиштүү иликтөө иштеринин натыйжасында сметалык баасы 20 млн 110 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button