Коом
Mega компаниясына Элнар Субакожоев директор болду
“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Айбек Күрөңкеев MEGAдагы кызматынан кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирди.
Айбек Күрөңкеевдин айтымында, жакынкы арада ал санариптик экономиканы өнүктүрүүнү тездетүүгө жана салыктык башкарууну жакшыртууга басым жасап, финтес долбоорлорун өлкөдө активдүү илгерилетүүнү пландоодо.
Анын ордун Элнар Субакожоев ээлейт. Мындай чечим “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК акционерлеринин 9-июлда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.