КоомСпорт

Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат

Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында  14 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.

Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.

Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button