Коом

Былтыр Кыргызстанда кыймылсыз мүлк базарында соода солгундаган

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө болгон баа төмөндөсө да, үй сатып алуу жана сатуу соодасы азайган. 

2023-жылы өлкө боюнча 52 миң 817 кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу операциясы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 8,9%га аз.

Маалыматка ылайык, өзгөчө батирди сатуу жана сатып алуу 11%га кыскарган. Антсе да, жеке менчик үйлөргө салыштырмалуу батир сатып алуу өскөн.

2023-жылы жеке менчик үйгө суроо-талап азайып, 2022-жылга карата 5,8%га төмөндөгөн. 2023-жылдын аягында республиканын кыймылсыз мүлк рыногунда баанын өсүү темпи басаңдаган.

“Бул 2022-жылга салыштырмалуу жеке үйлөрдүн баасынын төмөндөшү менен шартталган, 14,6%га, ал эми батирлердин баасы +4,8%га өскөн”, – дейт Улуттук банк.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button