Кылмыш-кырсык

УКМК: Баткен шаарындагы «Өрүкзар» билим берүү мекемесинин директору И.С. га карата кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору И.С.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ылайык «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» деген шек менен кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен шаарындагы «Өрүкзар» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору И.С. 2021-жылдан 2023-жылга чейин мекеменин кызматкеринин эмгек акысын туруктуу негизде өздөштүрүп, анын жалпы суммасы 387 миң сомго жакын экендиги аныкталды.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө аракеттери, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча башка иш-чаралар улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button