Коом

Жарым жылда «Түндүк» тиркемесин 2 млн жаран жүктөгөн

Учурда “Түндүк” мамлекеттик порталында 165 кызмат бар, бул жарандарга керектүү жардамды онлайн режиминде алууга мүмкүндүк берет.  Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын биринчи жарымында портал жана мобилдик тиркеме аркылуу 2 миллионго жакын кызмат көрсөтүлсө, “Түндүк” тиркемеси 2 миллиондон ашык жолу жүктөлгөн.

Жарандар Кыргызстандын аймагында юридикалык күчкө ээ болгон санариптик документтердин 9 түрүн ала алышат. Бул документтерге ID-карта, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана ажырашуу жөнүндө күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ошондой эле орто жалпы билим берүү жөнүндө аттестат жана негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк кирет.

Мындан тышкары, портал аркылуу туулгандыгын, өлүмүн, транспорт каражаттарын каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун каттоо боюнча онлайн кызматтары жеткиликтүү. 2023-жылдын сентябрынан тарта чет элдик жарандарды каттоо үчүн өзүнчө сайт иштеп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button