КоомСпорт

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна секундант ким болоору айтылды

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун финалдык беттешинде курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу өзү секундант болорун айтты.
Кыргызстандык мушкер Олимпиадада кубалык Сайдель Иван Орта Родригести, америкалык Жамал Харвини, болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты кезеги менен жеңип финалга чыккан.
Бул беттештерде ага өзбекстандык Акмаль Хасанов секундант катары көмөктөшүп келген. Бирок финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль үчүн күрөштө өзбекстандык Абдумалик Халоков менен кез келе турган болду. Мындан улам коомчулукта «секунданты ким болот» деген суроо жаралган.
Данияр Төлөгөн уулу финалдык беттеште Акмаль Хасанов «мага болбойт» деп баш тартканын белгилеп, өзү секундант болорун айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button