Кыргызстандын кирешеси 21,1%га өсүп, 253 млрд сомдон ашты
Жети айда Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 253 млрд 416 млн 753,9 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын 230 млрд 881,4 млн сому республикалык бюджеттин кирешеси болсо, дагы 35,1 млрд сому жергиликтүү бюджеттердин кирешеси болуп саналат.
Белгиленгендей, негизги кирешенин 73,7%дан ашыгы салыктардан түшкөн. Акчалай алганда, салыктык түшүүлөр 186 млрд 834,7 млн сомду түзсө, анын ичинен Мамлекеттик салык кызматы 117,2 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 69 млрд 675,5 млн сом жыйнаган.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу казынанын кирешеси 44 млрд 130,4 млн сомго же 21,1%га өскөн. Бул негизинен салык чогултуунун көбөйүшүнө байланыштуу. Алсак, Мамлекеттик салык кызматы казынага 19,58% же 19 млрд 185,5 млн сомго, ал эми Мамлекеттик бажы кызматы 10,7 млрд сомго көп каражат чегерген.