Коом
Сегиз өлкөнүн педагогдору алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү
Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мугалимдери алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү. Бул тууралуу «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, педагогикалык кеңештин мүчөлөрү өсүп келе жаткан муунду салттуу адеп-ахлактын негизинде тарбиялоодо мугалимдердин ролун талкуулашты. Кеңеште каралган темалардын катарында тарыхый чындыкты сактоо маселеси да болду.
«Батыш пропагандасынын максаты – элге өзүнүн тарыхын, маданиятын унуттуруп, баарын бир жолго салуу. Ал эми биз мектеп окуучуларына салттуу баалуулуктарды үйрөнүү, мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, аларга тарыхый чындыктарды жеткирүү, үй-бүлөлүк салттарды түшүндүрүү менен тарбия берүүнү туура көрөбүз. Өзүбүз ата-бабаларыбыздан кандай жакшы нерселерди үйрөнгөн болсок кийинки муунга өткөрүшүбүз керек» — деп белгилеген «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Ал балдарга тарбия берүүдө негизги милдет мугалимдердин мойнунда турганын айтты.