Коом

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери ИИОнун башка кызматтары менен биргеликте республика боюнча мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда коопсуздукту камсыздашууда.
Бүгүнкү, 1-сентябрь Билим күнүндө Күзөт бөлүмдөрүнүн милиционерлери Балдар иштери боюнча тескөөчүлөр жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте мектептердин жанында күзөттө турушат.
Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мугалимдерге жалпы билим берүү мектептеринин мүлкүн сактоо жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымат-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле эвакуациялык иш-чараларга карата кыраакылыкты күчөтүү жана чара көрүү зарыл экендигин белгилешти.
Мындан тышкары мугалимдер менен жолугушууда кызматкерлер кандайдыр бир экстремалдык кырдаалда кандай реакция кылуу керектигин жана ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дүрбөлөң баскычы иштеген учурунда калк менен биргеликте кандай иш алып барарын көрсөтүштү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button