Коом
«Ынтымак ордодо» алгачкы кеңешме өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ынтымак ордодо» алгачкы кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациянын ушул жумадагы иш планы талкууланган.
«Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы — жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул — мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан дилибиз менен иштөөгө милдеттүүбүз», — деди Жапаров.
Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.