Коом

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта ЭТТК колдонуу милдеттүү болот

1-ноябрдан тарта Кыргызстандын электрондук соода платформалары товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган.
«Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер товарды Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган аянтчалар аркылуу сатса, ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат», — деп жазылган маалыматта.
Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрү 0312 61-01-98 номерине кайрылса болору кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button