8–13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында курөш боюнча мелдештер өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан жалпы 8 балбан өлкө намысын коргойт.
Курама командасынын тизмеси:
Эркектер арасында:
— 60 кг Эдилбек Субанбеков;
— 66 кг Ислам Камчыбеков;
— 73 кг Муса Шабданбеков;
— 81 кг Алишер Урманбеков;
— +100 кг Бекболот Токтогонов.
Кыз-келиндер арасында:
— 60 кг Бегай Бейшеналы кызы;
— 70 кг Ажар Исаева;
— +70 кг Шахида Нурмухаммедова.
Курама команда машыктыруучу Райкан Курмановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.