Коом

ФОтО — ИИМдин 100 жылдыгына карата 100 даана жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 3-сентябрда Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнө 100 жаңы кызматтык унааларды тапшыруу иш-чарасы өттү. Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары жана ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, окуу жайларынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн башчылары катышты.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, бүгүн жаңы үлгүдөгү 100 даана кызматтык унаалар тапшырылып жатканын билдирди. Андан сырткары, ал быйылкы жылдын 1-ноябрында республика боюнча ички иштер органдарына тиешелүү дагы 100 объектини ачуу мерчемделип жатканын маалымдады.

“Бул унааларга атайын “GPS” сигналдары орнотулган жана унаалар качан, кайсы жерде жүргөндүгү, керек болсо канча күйүүчү май сарптаганына чейин көзөмөлгө алууга ыңгайлашкан. Унааларды, өлкөбүздөгү маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилерди кайтарууга алган Күзөт кызматына, эл менен түздөн-түз иштеген жер-жердеги аймактык тескөөчүлөргө, ыкчам кызматтарга жана коомчулукка сервистик тейлөө көрсөткөн айылдык-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берип жатабыз.

Аталган 100 унааны Ички иштер министрлиги өзү сатып алгандыгын белгилей кетмекчимин. Ички иштер министрлигиндеги Күзөт кызматы республика боюнча 4 миңге жакын маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди кайтарууга алып, алар менен келишимдин негизинде иш алып барып, андан түшкөн каражаттарга ушундай жаңы унаалар алынды.

Ал эми, сатылып алынган автоунаалардын баары өзүбүздүн заводдон чыккан унаалар болуп эсептелет. Бир күндө 100 унаа алуу деген мындай сүймөнчүктүү учурлар милициянын тарыхында биринчи жолу болуп жатат”, -деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ички иштер министрлигиндеги жетишкендиктерге, жасалып жаткан иштерге токтолуп өттү.

Учурдан пайдаланып, өлкөбүздөгү башка министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине, ушул Ички иштер министрлигинен үлгү алгыла деп айтмакчымын. Талдоо боюнча карап көргөндө, Ички иштер министрлигинин автопаркы 2009-жылы 45-50% жаңыланып, андан бери 2021-жылга чейин жаңыланган эмес. 2021-жылдан баштап акырындык менен жаңыланып отуруп, азыркы тапта 90 пайыз автопаркы жаңыланды.

Андан тышкары, акыркы үч жылда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык-маянасы эки эсеге, ал эми Баткен жергесинде кызмат кылган кызматкерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады.
Кызматтык формаңарды өзгөрттүк, эң алдыңкы заманбап жаңы технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшүп, азыркы тапта бардык заманбап талаптарга жооп берген технологиялар менен иштеп жатасыздар. Алардын натыйжасында, акыркы үч жыл аралыгында кылмыштуулук 50 пайыз төмөндөдү, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар азайып, өлкөбүздө бирдей тартип жана туруктуулук орноду. Ички иштер органдарында курулуш иштери дагы кызуу жүрүүдө.

Мына ушуларга окшогон дагы көптөгөн иш-чараларды ишке ашырып, элибиздин коопсуздугун камсыздоону мындан дагы жакшыртууга жетишибиз керек”, -деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшырган соң, жетекчилер тизилип турган автоунаалар тарапка бет алышып, карап чыгышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button