Коом
Кыргызстанда бир катар мектептер аралыктан окутууга өттү. Тизме
Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өттү.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;
- Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;
- Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;
- Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;
- Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.
Мындан тышкары, төмөнкү мектертерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу окуучулар онлайн окутулат:
- Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;
- Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;
- Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби.