Коом
ӨКМ эскертет: телефондун кубаттагычын сайылган боюнча калтырбаш керек, өрт чыгышы мүмкүн
ӨКМ уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогуна сайылган боюнча калтырбоону айтып, ал өрттүн келип чыгышын шартташы толук мүмкүн экенин эскертти.
Министрликтин маалыматына караганда, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин көбөйүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшү ыктымал.
«Заманбап телефондун кубаттагычы өрткө каршы система менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрткө кептейт», — деп жазылат кабарда.
Министрликтин өрттү алдын алуудагы кеңештери:
— кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз аны алмаштырганыңыз оң;
— кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге койгонго болбойт;
— телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;
— кубаттагычты электр тогуна сайып калтырып койбоңуз. Кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек. Балдардын чубалгы менен ойноосуна жол бербеңиз.