Коом
Министрлик кыргызстандыктарды 14-сентябрда ишембиликке катышууга чакырат
14-сентябрда республика боюнча масштабдуу ишембилик өтөт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кайдыгер карабаган жарандарды иш-чарага катышууга чакырат.
Мекеменин маалыматы боюнча, акциянын негизги максаты — таштандыны өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу, жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу.
«Бул ишембиликте жарандарга таштандыны иргеп чогултууга чакырыктар жасалат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.