КоомКылмыш-кырсык

Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн  жаран  кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Алсак, 2024-жылдын 6-сентябрь күнү Бишкек шаарынын аймагындагы жаңы конуштардын биринде адам өлтүрүү беренеси боюнча шектелип, издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну М.Н. кармалды. Кармалган жаран, 2023-жылдын кыш мезгилинде Ош шаарында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн акыркы катышуучу. Кармалган  жаран 2001-жылы туулган М.Н. Ош ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Эске салып кетсек, 2023-жылдын 13-январына караган түнү саат 01.15 убакытта Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1993-жылы туулган А.Н.  аттуу жарандын денесине 27 жолу бычак менен жаракат келтирип, анын кесепетинен ал окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен  кылмыш иши козголгон.
 Ошондой эле,  2023-жылдын 13-январында түнкү саат 02:25 убакытта Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө белгисиз адамдар 1995-жылы туулган Н.М. аттуу жаранды (каймана аты “Коён”) башына жана буттарына арматуранын кесиндилери менен 32 жолу уруп кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттердин негизинде бул окуялар кылмыштуу топтордун таасир талашуудан келип чыккан кагылышуулары экенин такташкан.
Учурунда аталган кылмыштарга шектүү катары К.Досоновдун (каймана аты Дженго) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү А.Р., Н.Ч., А.Ж., Э.К.   кармалышкан.
Ал эми жогорудагы окуяга тиешеси бар болгон, уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Ош облусунун Өзгөн районунун 2001-жылы туулган тургуну М.Н. качып кетип, 2023-жылдын 18-январынан бери издөөдө болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button