Коом

Улан Ниязбеков Кытайдагы коомдук коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда

Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын Ляньюньган шаарына коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык форумуна катышуу үчүн келди, ага башка мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин жана полициясынын жетекчилери катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган форумдун алкагында ИИМдин башчысынын башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.
Жумушчу сапардын алкагында Улан Ниязбековдун коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” форматындагы биринчи жыйынына катышуусу мерчемделген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button