Кылмыш-кырсык

УКМК: Кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын жасалмалагандарга кармалды

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чөйрөсүндө укукка каршы ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР жарандарынын жеке маалыматтарын колдонуу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

  

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Т.Д. аттуу жаран автотранспорт каражаттарын бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорт көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин жасалмалоо жана жеке маалыматтарын пайдалануу фактысы боюнча тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды.
Азыркы учурда КР УКМК иштин бардык жагдайларын жана КР ФМ караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын ушундай эле мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экенин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button