Күз ыйлабайт, а бирок мен ыйладым, Мезгил менин акыйдем сен туйбадың… – Гүлзия Валый
Гүлзия Валый, Жуңго кыргыз аял жазуучулар ичинде тунгуч роман жазуучусу, акын жана рух илимдеринин психологу, гипноз устасы
Өзүм жөнүндө учкай кеп
Мен Гүлзия Валый кызы, Иле казак автоном облусунун Шаты-Кыргыз айылында жарык дүйнөгө келгем. Өзүм таенемдин колунда чоңойдум, анткени алты жарым айлык болуп төрөлүп, таенем атам менен апамды бага албай калат го деп тумакка салып багып чоңойткон экен. Алгач башталгыч класстарды кыргыз мектебинде окудум, андан кийин 16 жашымда казак мектебинде окуп баштагам, себеби, ошол учурда өз ата-энемдин колуна келип тарбияланып калдым.
Окууну бүткөндөн кийин адабият сабагынан мугалим болуп бир жылдай иштедим. Кийин билимди жогорулатып, 2004-жылдан баштап Шинжаң телерадиокорпорациясында адабият бөлүмүндө алып баруучу болуп эмгектендим. Ошол жерде иштеп жүрүп 700гө чукул драма жаздым, ал драмалар Манастан баштап Эне-Сайдан көчүп келген кыргыздардын тагдыры тууралуу баяндалган.
Учурда Үрүмчү шаарында турам.
Жан дүйнөмдүн жарпын калем жазат
Жазуучулук талантым илгертен эле чогуу келе жатат, буга себеп, Жуңгодогу кыргыздарга таанымал Ырысбек Аукан деген кара сөздүн каймагын калпып алган атактуу жазуучу өткөн. Ал киши казактын “Шугула” жана “Шинжаң кыргыз адабияты” журналын түптөгөн. Өз кезегинде менин атамдын агасы болгон, балким ошол үчүн дагы менде ушундай талант калыптанган чыгаар. Өзүмдүн таенем дагы сөз багып, чечен киши болгон. 1995-жылы 18 жашымда биринчи “Тагдырдын тартуусу” деген аңгемем чыккан. Ошондон кийин эле көптөгөн ырларды, аңгемелерди жазып жүрдүм.
2011-жылы “Мунарык таң” аталыштагы тунгуч романым кыргыз тилинде жарык көрдү, ошол эле китеп 2013-жылы кытай тилине которулду. Кийин “Бакалуу көл” мифологиялык романды жазып басмага бердим. Ушул китепти Чолпон Субагожоева деген эжекебиз Кыргызстанда да чыгарды. Андан сырткары азыркы күнгө чейин ырларды жазып келем, эсептесем ушуга чейин 300дөн ашык ыр жазыптырмын. Ыр менен чогуу атактуу кытай эл жазуучуларынын жети китебин кыргызчага котордум. Буйруса эми Кыргызстанда ыр китебимдин жыйнагын, “Бакалуу көл” романымдын экинчи бөлүгүн чыгарсамбы деп турам, ал китептерим жарык көрсө кыргызстандык боордошторго тартуулап, Жуңгодогу атактуу акын жазуучулардын чыгармачылыгын дагы ошол жерде тааныштыргым келет.
Мени психология айыктырган
Түндүн эң караңгы мезгили таң атаар маал дегендей, мен дагы жабыр тартып калган учурда ушул психология илими куткарды десем болот. Эч кимди каалабай, көлөкөм тургай калемим жакпай калган маалда жарык нур, шоола болуп ушул илим жашоомо кирип келди. Күтпөгөн жерден эле чоочун адамдар байланышка чыгып, рух илими боюнча чет мамлекеттен мугалимдер сабак өтөөрүн айтып кабарлап калды. Бирок эч нерсеге көңүл чаппай турганда, бул кабар деле маанисиздей сезилди. Эртеси кайрадан байланыштык, анда дагы кызыккан жокмун. Ошентип, 3 күн дегенде макулдугумду берип, баягы сабакка катыша баштадым. Алгач түшүнүксүз болуп, башка ааламга барып калгандай сезилди. Кийинчерээк, мугалим айткан ар бир сөзү жүрөгүмө кыттай жабышып, өзүмө жоопкерчиликсиз, өзүмдү сүйбөй жашап жүргөнүмдү аңдадым. Үч күн дегенде кадимки гипноз сыяктуу тазалады, уктадым, ичимдеги ашыкча терс энергиялардын баары чыкты көрүнөт, кадимкидей жеңилдедим. Мурдагы керексиз сезимдердин баары жуулуп кеткенсип, жашоого жакшы маанай менен карап калдым.
2015-жылдан бери ушул илим менен алектенип, ал тургай Испаниянын Фукоң институтунун мугалимдеринен окуп, билим алдым. Мына эми азыр 9 жылдын жүзү болуп отурат, таңкы саат 4 жарымда өзүмдү тынчтандырып, саат 5 те 500гө чукул окуучуларыма сабак өтөм. Бул илим ыраазы болгонду, ааламга рахмат айтканды, бардык окуядан жакшы тажрыйба алып, алдыга сергек кадам менен басканды үйрөтөт.
Сүйүүнү максатка айландырбаш керек
Азыркы заманда сүйүүнү талап, максатка, милдетке алмаштырып, аял эркекти көзөмөлдөп, эркек аялга үстөмдүк көрсөтүп, ортодогу ишеним, назик сезим, сырдашуу жоголуп баратат. Тизгиндөө, куугунтуктоо ажырашууларга алып келип жатат. Сүйүү максатсыз болушу абзел, дубана же кайырчы болуп экинчи адамдан шарттуу сүйүүнү күтпөш керек. Таштанды куйган челекке таза суу куйсак деле таштанды боюнча калат эмеспи, анын сыңары сүйүүнүн формуласын алмаштырып, анын ыйыктыгын, касиетин өлтүрүп албайлы.
Өзгөрүүнү өзгөдөн эмес, өзүбүздөн баштоо керек
Ар бир адамдын башына ар кандай сыноолор келет эмеспи, ошол учурда адам баласы сыноолорду кабыл алдым дегенде гана окуя жеңил-желпи өтөт. Баарынан маңыздуу нерсе, адам — адам болуп жашаганды үйрөнүш керек. Башкага акыл айткандын ордуна, ар бир адам өзүн өзгөртүүгө аракеттенсе дейт элем, мен өзүмдү табайынчы, мен өзүм болуп жашайынчы десе жашоо дагы алда канча жеңил болот. Энергия деген ар бир адамдын майданында болот, жыштыктар, толкундарды биз тасмаларда байкап жүрөбүз го, ошол сыңары бирөө тууралуу жаман ойлоп эле койсок, ошол адамда дагы биз тууралуу терс пикирлер жаралат, анткени энергия тез жетет. Ал албетте көрүнбөйт, мисалы адамдын добушу көрүнбөгөн сымал энергиянын дагы бар экени сезилбейт.
Психологияда жашыруун аң сезим деген түшүнүк бар, ал дегенибиз, мээге кандай буйрук берсек, дароо ал аны аткарат. Оюбузду, ниетибизди жакшы жакка өзгөртсөк, билинбей эле жакшырып жатканын байкайсыз. Ойду ойлоп эле коюу жетишсиз, аны кагаз бетине бекемдеп койсок болот, мисалы байлык чакыргыңыз келсе сары кагазга, сүйүү күтсөңүз кызыл баракка жазып, 3 маал окуй берсеңиз, ал ой кытыгылап өтүп, аны мээ акырындап кабыл ала баштайт.
Гүлзия Валыйдын калемине таандык ыр саптар
Ысык-Көлдүн алмасы
Ысык-Көлдүн алмасы деп сатты келин алмасын,
Колума алдым, бир кызылын тандадым.
Жыпар жыты каңылжаарды аралап,
Эске салды чоң энемдин арманын.
“Оо, көлүмдүн алмасы” деп толкунданып сүйлөчү,
Ал учурда нурсуз көзү жанданып, бир сыйкырга арбалып,
Тыңшачу элем жомок уккан баладай,
Көл алмасын элестетип таңгалып.
Колумда алма, көздөрүмдү жаш жууду,
Учуп өткөн мезгилдердин канаты,
Алып кеткен чоң энемдин жаштыгын,
Белек кылып карттыгын.
Өмүр бою көкөйүнөн чыкпаган,
Түшүндө да көлүн эңсеп уктаган.
Энекем ай, менин ыйык көлүм ай,
Аттиң тагдыр, муң зарыңды укпаган.
Асман менен эгиздей, учу кыйырсыз деңиздей,
Көлүң турат чалкып ташып,
Эч нерсени кенебей,
Ал сен азыр миң жеринен тешилген, сууга түшпөс кемедей.
Билем, билем там туң баскан баладай,
Таягыңды жөлөп койгон ала албай,
Жүрөгүңдү жууп жаш жол карайсың,
Ал анткени көлдүн кызыл алмасын,
Алып келет деп күтөсүң.
Оо периштем, менин Ысык-Көлүм ай,
Кантип ошол кылыгыңа түтөйүн,
Колумда алма көз жашымды тыя албай,
Ич ичимен түтөдүм.
Сагыныч
Өзөн болуп өзүң жакка аксам деп,
Өрчүп турган сагынычымды баса албай,
Мына эми кеч күздөгү күүсү жок,
Дайра болдум арнасынан аша албай.
Куштар өндүү билбей учуп сен жакка,
Багытымдын багын сынап көрбөпмүн.
Кыш чыгарып кыялымда тек гана,
Журтта калган канаты жок өрдөкмүн.
Көп самаймын, көп караймын көз талат,
Карааныңар каяктардан жылт этип,
Көрбөй калам, мүмкүндүгүм аз чыгаар,
Эгер бир күн ажал келсе шылк этип…
Туз куйгандай жараатымды тырмаган,
Көп тикенди тепсеп басып баратам.
Үзүлбөгөн үмүт колун булгалап,
Күлүп атат ыйлап турсам аппак таң!
Кусалык
Жүрөгүңдү кусалыкка чырматып,
Жүрбө секет жан жараңды ырбатып.
Тагдыр ушул тамашасы түгөнбөйт,
Күлдүрөт да кээде коет ыйлатып.
Берилбечи беймазалуу ойлорго,
Бекинбечи бийик дубал коргонго,
Түбүң түшкүр бул дүнүйө өзгөрбөйт,
Сен кайгырып, сен капалуу болгонго.
Өмүр өтөт дайра болуп агылып,
Да бир күндүн коңгуроосу кагылып,
Жүрөгүңдө орун калбай кусага,
Көлкүп турсун, көп эңсеткен сагыныч.
Төгүлбөчү күздүн күнкү нөшөрдөй,
Күлүп кара бул дүйнөгө көшөрбөй.
Бүгүн, эртең өтөбүз да кетебиз,
Милдетибиз өтөлүп да өтөлбөй.
Сен мени сооротуп кой
Сен мени сооротуп кой өмүр деңиз,
Каалгаңан кайык тосуп көп келебиз,
Эч качан мен өзүңдөн тажабаймын,
Керек жок балыңды же ууңду жегиз.
Сен мени сооротуп кой жашыл аалам,
Мен сенден жаралганмын, сага барам,
Бак таалай, азап кайгы жемишимди,
Мен тек сага берип, сенден алам.
Сен мени сооротуп кой тууган элим,
Сен менин алп чокуң, аскар белим,
Эгерде мен чаалыгып бара жатсам,
Кайрат кыл, кулунум деп медет бергин.
Сүйгөн жарга
Мен да конок урушпачы сүйүктүүм,
Мелжемиме жетемин деп күйүктүм.
Эгер келсе сен тартпагын азапты,
Мен тартайын ачуу даамын күйүттүн.
Мен да конок, узаарым чын жаныңан,
Укпайм анда миң кайтара чакырсаң.
Жашоо ошо аялдама акыркы,
Келсең кайра кайрылуу жок жалынсаң.
Мен да конок, күтүп алчы жакшылап,
Ушул жаштык сый берүүчү жакшы убак,
Өтсө мезгил, аттиң десең баары бир,
Ала албайсың тагдырыңдан миң сурап.
Күтүп алгын, күтүп алгын жакшылап..!
Күз ыйлабайт
Үнсүз мүлгүйт күз асман мунарыктап,
Көкүрөгүн өйүгөн сыр арыктап.
Жалбырактар чаң баскан шактарында,
Кылтыйышып баштарын турат чулгап.
Көк асмандын катмары топурак чаң,
Көз алдымда кир шаарың мунарыккан.
Көпкө турдум өзүмчө көп тиледим,
Аппак атсын эртеңки мунарык таң.
Жашыл түстөр күн сайын тим суйдалайт,
Күз шамалы учурат аны уйпалап,
Сапар карып чепкенин чечип берип,
Жан дүйнөсү сыздабайт, күз ыйлабайт.
Күз ыйлабайт, а бирок мен ыйладым,
Мезгил менин акыйдем сен туйбадың,
Төкпөй калган сеземин буулукканда,
Жүрөгүңдүн катында бир сыр барын.
Жүрөгүңдүн катында бир ый барын…