Кылмыш-кырсык

ИИМ: Босния жана Герцеговинада Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Босния жана Герцеговина ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш — чараларынын натыйжасында, 2024-жылдын 6-сентябрында Сараево шаарында Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөнүн фигуранты – КР ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1984-жылы туулган М.М. кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

MM. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинде (ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенттүү бөлүмдөрү тарабынан издөөдө жүргөн.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү О.М. («Карышкыр» лакап аты) жетекчилиги астында, М.М. «смотрящийдин» милдетин аткарып, Москвадагы жана Москва областындагы мекендештерден системалуу түрдө ири суммадагы акча талап кылган.

Шектүү 2015-жылы Москва шаарында опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган, бирок, Россия Федерациясынын жарандыгын алганына байланыштуу ал Кыргыз Республикасына экстрадициялоодон качып кеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан кармалган адамды Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин чечүү үчүн тиешелүү маалымат жөнөтүлгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button