Коом
Эльдар Алишеров ЕЭКте министр болуп дайындалды
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2024-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды.
Белгиленгендей, Элдар Алишеровдун Кыргызстандын мамлекеттик органдарында иштөө тажрыйбасы чоң. 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Акыркы бир жарым жылдан бери ал Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп келген.