Кылмыш-кырсык

УКМК: Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканасынан 200 миң АКШ долларын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын жараны И.Н.А. 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.

   
Кармалган И.Н.А. аттуу жаран Ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү болуп, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти Н.А.К. менен биргеликте узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.
Аталган адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында эки транш менен 60 миң АКШ долларын алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иштери журүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button