УКМК: Аткезчилик жүк кармалды
2024-жылдын 12-сентябрында мыйзамсыз аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Арка-2 айылында КР жарандары 1994-жылы туулган Т.А.Т. жана 1998-жылы туулган М.Ж.М. аттуу Арка айылынын жашоочулары башкарып бара жаткан «Volkswagen LT46» жана «Мерседес-бенц спринтер» үлгүсүндөгү автотранспорт каражаттары кармалган.
Жүк бөлүгүн кароо учурунда автотранспорт каражаттарынын биринен чектеш тараптан алынып келинген контрабандалык жүк: ампициллин жана цефтриаксон дары препараттары (145 куту, ар бир кутуда 16 таңгак, ар бир таңгакта 50 даана, болжолдуу суммасы 2 млн 200 миң сом) табылды.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.