Коом

Бишкек шаарындагы 2155 жеке турак жай куруучу жер тилкелерине мамлекеттик документтер берилет

Мамкурулуш Президенттин жерге мунапыс берүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып барууда.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жерге мунапыс жүргүзүү жөнүндөгү буйругун аткаруунун алкагында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын 13 конуштарына мамлекеттик актыларды чыгаруу боюнча шаар куруу кеңешин өткөрдү. Кеңешмеге Мамлекеттик курулуш агенттигинин ведомстволук уюмдарынын, тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле борбордун райондорунун жетекчилери катышты.
Кеңеште жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун техникалык жана укуктук аспектилери, ошондой эле документтерди берүү процессин тездетүү жана жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаарындагы 2155 жеке турак жай куруучу жер тилкелерине мамлекеттик документтерди берүү чечими кабыл алынды.
Бул чара жарандардын укуктарын коргоо жана жерди пайдалануу жаатында топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганы баса белгиленет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button