Блогер блокКоом

Кайра ыйладык. Менин адамым экенин ошондо билдим…

Менин адамым экенин ошондо билдим. Ал мени катуу кысты. «Коё бербейм!» деди…

Акыры бул күн дагы келди. Мен ушундай болоорун билгем. Бирок ушул түнгө туш келерин билген эмесмин.
Мен бул күндү аябай күткөм.
«Сен муздаксың. Мен сени сезбейм. Эмне каалап жатканыңды билбейм.»
«Сен мени кучактабайсын. Жанымдасың, ошол эле учурда алыстасың”.
Чогуу жашап келе жатканыбызга 14 жыл болду. Бирок, акыркы тогуз жылдан бери экөөбүз алыстап кеттик.
Чогуубуз, бирок бөтөнбүз. Сертпиз. Муздакпыз. Бул эң жаман нерсе. Муну башынан өткөргөндөр гана түшүнөт.
Ал мага болгон таарынычын айтты. Бир саат айтты.
Мен ага болгон таарынычтын баарын айттым. 3 саат айттым. Бакырган жокпуз. Тынч гана отуруп сүйлөшүп жаттык.
Ажырашуу пунктуна келдик. Балдар ким менен калат деген суроо коюлду. Ал балдарсыз жашай албасын айтты. Мен дагы айттым. Ыйладык.
Балдарды бөлүп жатканыбызга ачууландык.
«Сага эмнем жаккан?» Алгачкы сезимдерди эстей баштадык. Күлдүк. Толтура окуяларды эске салдык.
Маанай көтөрүлө түштү. Ал келип мени кучактады.
Кайра ыйладык. Менин адамым экенин ошондо билдим. Ал мени катуу кысты. «Коё бербейм!» деди.
«Мен жаныңдамын» деди. Мага ушул сөздөр керек эле. Муздак жүрөккө кан жүгүрдү.
Ачык сүйлөшүү. Мындан ары ачык сүйлөшүүнү чечтик. Кучакташуу. Мындан ары күн сайын кучакташууну чечтик. Кол кармашуу. Мындан ары кол кармашып жүрүүнү чечтик. Өбүшүү. Мындан ары өбүшүп турууну чечтик.
Кыйын. Ыңгайсыз. Бирок биз сөзүбүздү аткарып жатабыз. Жылыш байкалды.
Ажырашкан баарынын колунан келет. Аракет кылган экөөнүн колунан келет.

Интернеттен алынды

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button