КоомСаясат

Коррупция менен күрөш аягына чыга элек — Камчыбек Ташиев

Коррупцияга аралашкандардын бирөө дагы жазасыз калбайт. Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана спорт комплекстин курулушунун башталышы боюнча иш-чарага катышып жатканда айтты.

Ал ошондой эле өлкөдө коррупция менен күрөш күч алгандыктан экономикада жылыш болуп жатканын белгилеген.
«Коррупция менен күрөш аягына чыга элек. Анткени аябай чырмалышып, аягына чыгуу татаал болууда. Бирок соңуна чейин чыгарабыз. Ким коррупция менен мындан ары аралашып, мамлекеттин бюджетине кол салып, элдин байлыгын талап-тонойм дей турган болсо мыйзам чегинде, татыктуу жазасын алат. Бирөө дагы жазасыз калбайт», — деген Ташиев.
Ошондой эле ал учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлер, объектилер бүт текшерилерин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button