КоомМаданиятСпорт

Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын worldnomadgames.kz расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан мелдеште 65 медаль утту. Анын 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло.

Оюндарда 1-орунга Казакстан чыкты. Аларда 112 медаль бар: 43 алтын, 32 күмүш, 37 коло.

Үчүнчү орунда Россия — 49 медаль, төртүнчүдө Өзбекстан — 34 медаль, бешинчи орунга 6 медаль менен Түркия жайгашты.

Андан кийинки саптарда Иран, Венгрия, Түркмөнстан, Румыния, Польша бар.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрда өттү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button