Без рубрикиБлогер блокКоом

Мени эмне өзгөрттү, билесиңби? Адамдардын кыянаттыгы өзгөрттү…

Адамды өзү эмне өзгөртүшү мүмкүн..? Өтмүшүбү, чөйрөбү, куруп алган кыялдарыбы, жакшы көргөн адамыбы же болуп жаткан окуяларбы..?

Бала кезден эле түнт, көп киши менен сүйлөшө албаган, катаал мүнөз,жүрөгүмдүн ачкычын тапканга гана ачылган жан элем. Жаныма эч кимди жолоткум келбей, өзүмдүн куруп алган кичинекей дүйнөмдө жашап келгем. А бирок, азыр өзгөрүлдүм… Мурунку мен эмесмин,башка бир адаммын. Башынан бери тааныгандар таң калгандан башка аргасы калбады. Адамды өзү эмне өзгөртүшү мүмкүн..? Өтмүшүбү, чөйрөбү, куруп алган кыялдарыбы, жакшы көргөн адамыбы же болуп жаткан окуяларбы..? Бул суроонун жообун ар бир адам өзүнүн чындыгына карап тапса керек. Мени эмне өзгөрттү, билесиңби? Адамдардын кыянаттыгы өзгөрттү. А мен, адамдарга болгон көз карашымды өзгөрттүм, күйүтүмдү күлкү менен жеңип баштадым. Алсыздыгымды-күчтүүлүккө айланттым, жоктон-барды жасаганга өттүм, кечинде бүтүн ааламга нааразы болуп уктап, эртеси жазда жаны ачылган байчечекей болгонду үйрөндүм,жаман окуядан жакшы сабак алууда мыкты окуучу боло алдым… Туура, турмушта дагы көп окуялар, сыноолор бар, бирок мен  сынбаштын пайдубалын түзүп алдым…

Мен бүгүн күчтүү болуу үчүн өзгөрдүм!!!

Автор: Асель Жаныбекова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button