Коом

Нурланбек Шакиевдин Кытайга болгон расмий сапары Циндао шаарында уланды

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты арттыруу, андан сырткары аймактар аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланып, аталган багытта эл өкүлдөрүнүн жасай турган иштери тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев коңшу Кытай мамлекети Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледеи.

«Акыркы жылдары эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышы жигердүү өнүгүп, эки тараптуу алакаларда жана эл аралык аянтчаларда бири-бирибизди колдоп келебиз. Андыктан калыптанган мамилелерди аймактар аралык байланыштар менен улантып, анын ичинен Кыргызстандын ири шаарлары менен Кытайдын Циндао калаасынын кызматташтыгын арттырышыбыз зарыл. Кезинде улуу ойчул, философ Конфуций чыккан, эки жолу Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданий борбору катары таанылган Циндао шаарынын жетишкендиктеринен үлгү алуу биз үчүн өтө маанилүү», — деди ал.

Муну менен катар төрага Шакиев Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. «Азыркы учурда саясий туруктуулук орноп, салык саясаты жөнгө салынып, мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, чет өлкөлүк ишкерлер менен инвесторлорго толук шарт түзүлүүдө. Андыктан, кытайлык инвесторлорду, анын ичинен Циндао шаарынын ишкерлерин кыргызстандыктар менен кызматташып, экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз», — деди.

Өз кезегинде Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин Кыргызстандын парламентинин төрагасы баштаган делегациянын Кытайдын тарыхый калаасына болгон расмий сапары кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин билдирди.

Ошондой эле айтылган ар бир маанилүү экенин белгилеген Ван Люмин: “Жылдан жылга Кыргызстан менен Циндао шаарынын соода байланышы жогорулап келет. Ортодогу мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө турган болсок, көп ийгиликтерге жетише алабыз”, — деди.

Андан тышкары, Бишкек менен Циндао шаарлары боордош калаа макамында тыгыз кызматташып келе жатканын эске салган Ван Люмин Кыргызстандын башка шаарлары менен да кызматташууга кызыкдар экендиктерин кошумчалады.

Жолугушууда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу өлкөлөр ортосунда гана эмес, аймактар аралык байланышты чыңдоого көмөкчү болору белгиленди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button