Коом

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысы узартылды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта өлкө аймагындагы бардык Калкты тейлөө борборлорундагы иштөө графиктери өзгөрүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү программасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми алар саат 08:00дөн 18:00гө чейин саат 12:00дөн 13:00гө чейинки түшкү тыныгуу менен иштешет.

«Бул кадам жарандарды тейлөөдөгү ыңгайлуулук менен натыйжалуулукту арттыруу максатында багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КТБлар паспортторду берүү, жарандарды каттоо жана ар кандай документтерди тариздөө сыяктуу кеңири мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button