Коом

УКМК: Жалал-Абад облусунда аткезчилик каналынын иши токтотулду

УКМК жана КР УКМКнын чек ара кызматы менен бирдикте, Мамлекеттик чек араны коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош областынын Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкы малын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргыз Республикасынын жараны Б.Т.Ж. кармалды.
Такталгандай, кармалган Б.Т.Ж. Өзбекстан Республикасынын жараны «Хабибилло» менен алдын ала макулдашып алып, Ош облусунун Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алган, жана Мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагында жылкыларды Өзбекстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Ушул сыяктуу эле, Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстан Республикасына айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган «К.у.Б» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.
КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Бул жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button